"Сары-Өзөн" телекомпаниясындагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталды
Новость

«Сары-Өзөн» облустук телекомпаниясында бир нече каржылык мыйзам бузуулар ачыкталды. Бул туурасында Эсеп палатасы билдирди. Маалыматтар боюнча, Чүй облустук телекомпаниясына аудит 2013-2014-жылдары жүгүзүлгөн. Натыйжада, 864 миң сомдон ашуун бюджеттик акча жана атайын каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган. 285 миң сомго бааланган жабдык жок болуп чыккан.

Бул окуя боюнча материалдар Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлгөн. Бирок кылмыш иши күнөөлүү тараптар такталбагандыктан токтотулган. 

Аудиттин жыйынтыгы менен Сары-Өзөн телекомпаниясына максатсыз пайдаланылган бюджеттик каражаттарды жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго баасы 285 жарым миң сомдук табылбай жаткан жабдыкты кайтарып берүү тапшырылды. Бул аралыкта "Сары-Өзөн" телекомпаниясынын башкы директору кызматын Каныбек Абдыкадыров аркалап келген.