2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 10 -11 пайыз өлчөмүндө же 470 сомго көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитет жыйынында айтылды.
Жогорку Кенештин Бюджет жана финансы боюнча комитет жыйынында Социалдык фонддун 2016-2018-жылдарга карата бюджети тууралуу маселе каралып, фонддун жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазив маалымат берди. Анда жетекчи 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 10 -11 пайыз өлчөмүндө же 470 сомго чейин көбөйөрүн билдирген. Аталган мекеменин тышкы байланыштар, калк жана массалык маалымат каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетовдун айтымында, социалдык фонд муну менен катар биринчи топтогу майыптардын пенсиясын дагы көтөрүү жагын көздөөдө.
Жылдан жылга ардагерлердин саны көбөйгөнү менен иштегендердин саны азаюуда. Мындай кырдаал Кыргызстанды өзүн өзү бага албаган мамлекетке айландырышы мүмкүн деген божомолдор талдоочулар тарабынан айтылып келет. Маалыматка ылайык, пенсионерлердин саны көбөйүп жатканы менен, жумушчулардын саны дагы эле ошондой көрсөткүчкө ээ. Эл өкүлү Айнура Алтыбаеванын пикиринде тармакта жүрүп жаткан реформаларды сөзсүз аягына чыгаруу керек. Себеби бул багытта талапка ылайык мыйзам долбоорлору сунушталып келет.
Кыргызстандагы алты жүз миңге чукул пенсионерге, жыл сайын отуз миллиард сом пенсия төлөнөт. Кыргызстанда эркектер 63 жашка чыкканда, ал эми аялдар 58 жашында пенсияга чыгууга укуктуу. Орточо пенсия 4 миң сомдон ашуун. Пенсиянын базалык бөлүгү негизинен мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Берилип жаткан пенсиянны 80 пайызын республикалык бюджет, калган 20 пайызын чегерилген акчанын эсебинен пенсиялык фонд каржылайт. Толук пенсия алуу үчүн эркектерде 25 жыл, аялдарда 20 жыл эмгек стажы болушу керек. Эгерде толук болбой калса, жогоруда айтылган шарттарда толук эмес пенсия ала алышат. Депутат Айнура Алтыбаеванын айтымында, келечекте соцфондко ким канча каражат төлөсө ошончо каражат алгыдай системаны иштеп чыгуу зарыл.
Кыргызстанда пенсия берүү жаатында 20 жылдан бери реформа жүргүзүлүп келет. Учурда иштеп жаткан пенсия система көп компоненттүү болуп, шарттуу жана топтоо деп ажыратылат. 1996-жылдан баштап камсыздандыруу принциби киргизилген. Ага ылайык, ар бир жаранга төлөгөн акчасына жараша пенсия чектелет. Эгерде кандайдыр бир себептер менен жеке ишкана ачып, же курулуштарда иштесе, камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүп турушу керек. Эгер төлөбөгөн болсо, анда пенсияга укук ала албай калышат. Ал эми такыр эле акча төлөбөгөндөргө, кези келгенде мамлекеттин эсебинен белгилүү өлчөмдө социалдык пенсия чектелет.