Өкмөт башчы Темир Сариев жер титирөөдөн жабыр тарктандардан экинчи ирет кабар алды. Бул жолу премьер Кара-Суу районунун Чайчи айылына барып, контейнерден жасалган жылуу үйлөрдө жашап жаткандардын абалы менен таанышты.
Ошондой эле, өкмөт башчы облустагы жер титирөөдөн жабыркаган социалдык имараттарды көрүп, айрымдарын жаңылоо боюнча тапшырма берди.