Шаардан чыккан таштанды акыркы күндөрү борбордук таштанды төгүлүүчү жайга батпай жолго чейин чыккан. Бул тууралуу Муниципалдык ишкананын жумушчулары билдирди. Таштандыны мурда бульдозердин жардамы менен күнүнө түрттүрүп турса, техникалар бузулган соң эми таштанды жолго чейин чыгып кетүүдө. Эске сала кетсек, таштанды төгүлүүчү жайга мезгилге жараша 5 миң метр куб же 700 - 1500 тоннага чейин таштанды ташылып келет. Эң негизгиси, учурунда түрттүрүлбөй, таштанды көбөйгөндөн көбөйүп, жакын жайгашкан конуштарга да залакасы тийип жатканы айтылууда.
"Бул жайды толугу менен текшерип чыктык. Бир жыл ичинде көбүнчө күн жылуу мезгилдерде таштандылар өздөрүнөн өзү эле күйө берет ошондой маалда "метан" бөлүнүп чыгат, көп өлчөмдө бөлүнсө жарылып да кетиши мүмкүн", - деп билдирди Санитардык экологиялык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Данияр Сулайманов.