Бишкектеги ири соода борборунун артындагы чакан базар алынат. Анын ордуна көп кабаттуу унаа токтоочу жай салынмакчы. Айрым маалыматтар боюнча, мындай долбоор борбордук дүкөндүн жаңы жетекчисине таандык.
Эгерде чакан базар алынса, 300гө жакын соодагер жумушсуз калышы мүмкүн. Ошол эле учурда, соода борбору чакан базар менен бирге 1 гектар 60 сотых жерди унаа токтоочу жай катары колдонот. Бул үчүн азыр шаар мэриясы менен борбордук универсалдык дүкөндүн ээлери соттошууда. Жер талаш тууралуу кененирээк Мээрим Бакир кызынын сюжетинде: