Жалал-Абад обулусунун Сузак районунун Кара-Март айылынын 5,5 миңдей тургуну таза суу менен камсыз болду. Буга чейин таза сууну айыл эли 2, 3 чакырым алыстыктан ташып ичип келишкен. Кыш айларында жол азабы да сууга барып келүүгө кедергисин тийгизген. Андыктан таза сууга деп жергиликтүү бюджеттен, Кыз-Көл айыл аймагына жалпы 775миң сом бөлүнгөн.
Айыл аймак 12 айылды бириктирип турат. Бүгүнкү күндө Кадуу, Кыз-Көл айылдарында таза суу меселеси толук чечилди. Айыл башчынын айтымында айыл аймак боюнча таза сууга болгон муктаждыктар 80 пайызга жоюлган.
Аткарылган жумушка айылдын эли дагы чоң салым кошуп, суу өтүүчү куурларды жерге казып көмүү иштерин ашар жолу менен ишке ашырышкан. Муну менен эле тим болбостон айылдан демөөрчүлөр дагы акчалай колдоо көрсөтүшкөн.