Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан импорттоп алып турат. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп, Экибастуз ГРЭСи менен алдын-ала келишимге кол коюлду. Бул тууралуу премьер министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев Токтогул ГЭСине болгон иш сапары учурунда билдирди. Анын айтымында, учурда Токтогул ГЭСинин 2-трансформаторундагы бузулууну жөнгө салуу үчүн 20 адис күн - түнү дебей иштеп жатат. Алардын катарында орусиялык эксперттер да бар.
Оңдоо иштери болжол менен 15-январда аяктаганы турат. Бүгүнкү күндө калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн резервдеги энергия жетиштүү экенин кошумчалады. Ал эми өкмөт башчы Темир Сариев, Токтогул ГЭСиндеги ремонт иштерин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берген.
Премьер министрдин энергетиктер менен өткөн жыйынында Казакстан тарап менен 100 мегаватт өлчөмүндө электр энергиясын импорттоо тууралуу келишим күчүнө киргенин билдирди.
Ошондой эле, “өлкөдөгү электр энергиясынын кошумча кубаттуулуктарын өндүрүү муктаждыгын эске алуу менен тийиштүү мамлекеттик органдар, Россия менен Камбар-Ата жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын куруу жана эксплутациялоо боюнча келишимдерди денонсациялоо алкагындагы процедуралык маселелерди чечүүнү тездетүүсү зарыл” - экенин кошумчалады. Белгилей кетсек, 23-декабрда Токтогул ГЭСинде авария болуп, эки гидроэлектростанция жарактан чыккан.