КТРКнын "Биринчи радионун" түз уктуруусуна келген премьер-министри Темир Сариев Кыргызстандагы энергетика тармагындагы олуттуу маселелер боюнча кеңири тушүндүрмө берип, учурдагы абал менен тааныштырып кетти.
Өкмөт башчы калкты электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырды. Келечекте бардык ГЭСтер кезек-кезеги менен реконструкцияланат. Мындан тышкары Бишкек жылуулук борбору акырындык менен 100% жергиликтүү көмүрдү жакканга өтөт.
POST1LEFTМуну менен катар өлкөдөгү кичи шаарларды электр энергиясы боюнча борборлоштурулган системага өткөрүү аракеттери жүрүп жатат. Бул аракетер жарыкты үнөмдүү колдонуу үчүн жасалууда, -дейт премьер. Анын айтымында, электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында коомдук жайларды, анын ичинде, кафе, ресторан, сауна жана ири ишканаларды акылдуу эсептегичке өткөрүү тапшырмасы дагы берилди.
Бүгүнкү күндө калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн резервдеги энергия жетиштүү. Бирок, кошумча катары Казакстан тарап менен 100 мегаватт өлчөмүндө электр энергиясын импорттоо тууралуу келишим түзүлдү.
POST2RIGHTБул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп, Экибастуз ГРЭСи менен алдын-алакелишимге кол коюлду. Бул тууралуу премьер министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев Токтогул ГЭСине болгон иш сапары учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, 23-декабрда Токтогул ГЭСинде авария болуп, эки гидроэлектростанция жарактан чыккан. Токтогул ГЭСиндеги абал тууралуу Алмазбек Атамбаев өкмөткө энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жана алдын ала чара көрбөгөндүгү үчүн тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароонужана калкка электр энергияны үзгүлтүксүз берип турууну тапшырды.