Ошто өзгөчө үй-бүлө жашайт. 12 баланы тарбиялап жаткан Мукановдордун үй-бүлөсү бир очоктон түтүн булатканына быйыл 10 жыл болду. Кеп “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйү жөнүндө болмокчу. Бүгүн тарбиялануучулар ырдап-бийлеп, майрамдык дасторкон жайышты. Кабарчыбыз Актилек Гүлжигит кызы да алтын уяга барып, балдардын кыял-максаттарын угуп келди.