Унааларды милдетүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам ушул жылдын 7-февралынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык ар бир унаа ээси өзүнүн унаасын камсыздандыруу үчүн, орто эсеп менен жылына 2200 сом төлөйт. Камсыздандыруу компаниялары болсо жол кырсыгына учураган маалда ошол транспорттун ээсине чыгымдарды төлөп берүүнү мойнуна алмакчы.