2016-жылдын “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланышына карата түрдүү пикирлер токтой элек
Новость

2016-жылдын “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланышына байланыштуу ар түрдүү сунуштар, пикирлер токтой элек. Жарлык кагаз жүзүндө калбай, маданиятты көтөрүү, тарыхый баалуулуктарды коргоо үчүн каржылык колдоодон үмүт кылгандар арбын.

Маданияттын кайсы багытына өзгөчө көңүл буруу керек экени жана тарыхый баалуулуктарды сактоодогу маанилүү маселелер буга чейин эле айтылып келсе, жарлык жарык көргөн күндөн тартып сунуштар, демилгелер арбын көтөрүлө баштады. Тиешелүү ишмерлердин пикирлерин угуу менен, жоюну талап кылган көйгөйлөр көп экенин баамдоого болот. Эң негизгиси, өлкө башчысы тарабынан жыл соңунда кол коюлган маанилүү жарлык документ бойдон гана калбай, анда каралган иш-чаралар толугу менен жүзөгө ашса деген үмүттөр арбын.

Өлкө башчысы тарабынан кабыл алынган жарлыктын кагаз жүзүндө гана калып, анын максаты ишке ашпай калышынан чоочулагандар жок эмес. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиев президент маанилүү кадам жасаганын, аны аткарууда тиешелүү адистерден быйыл өзгөчө аракеттер талап кылынарын белгилейт.

Бардык бийлик бутактары да маданиятты коргоп, тарыхый баалуулуктарды даңазалоого аракет көрүшү керек экени белгиленүүдө. Жарлыкта өкмөт бир катар иш-чараларды өткөрүүгө милдеттендирилген. Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдөө, жайылтуу каралган. Ошондой эле бийлик экономикалык милдеттерди руханий баалуулуктар менен бекемдөөгө кызыкдар. Тарыхый-маданий мурастын обьекттерин, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү да аталган документте өзүнчө бөлүк катары камтылган. Бул багыттагы иштерди алып барууга мыйзамчылар даяр. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз бабаларыбызга таандык байыркы жазуулар менен эл тааныш болбой жатканына кабатыр. Ал бул боюнча да тиешелүү мыйзамдар керек экенин айтат.

Археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында Кыргызстандын аймагынан байыркы доорго да, орто кылымга да таандык буюмдар табылып келет. Бирок, алардын музейден эмес, башка жактан орун алган учурлары бар. Өлкө аймагында табылган гунндарга таандык зергердин Лондондо сатыкка коюлушу мунун бирден-бир далили. Тарыхыбыз бай деп айтылганы менен аларды өлкө жарандары өздөрү билбейт дегендер да жок эмес. Тарыхчы, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов улутубуздун баскан жолкун, даңазалуу доорлорун дүйнөгө жеткирээрден мурда элибизге сиңирип алуу керек экенин белгилейт.

Тарыхый бай-мураска ээ болуп туруп, өлкө өз өнүгүүсүндө бул кудурет-күчүн пайдаланбай жатканы да дал ушул жагдайдан улам жарлыкта баса белгиленсе керек. Келечектеги жаңы изилдөөлөр мурда чала изилденген, көмүскөдө калган жагдайларды ачыкка чыгарууга тийиш. Бирок, андай бараандуу иштерди аткаруу айланып келип эле каражат маселесине такалат. Андыктан тарыхчылар бул жылы каржылык колдоолор болоорунан үмүт кылат.

 “Тарых жана маданият жылы” Үркүндүн 100 жылдыгын утурлай жарыяланып отурат. Андыктан, дал ушул маселеге өзгөчө көңүл бургандар да бар. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор Аскар Беделбаев бир кылым мурдагы кандуу окуялар мындан ары кайталанбашы үчүн атайын аракеттер керек деп эсептейт. Ошондой эле өткөн турмушка жаңыча көз караш менен карап, Кыргызстанга тарыхка таянган идеология издөө зарылчылыгын да кошумчалайт.

Документте каралган ар бир бөлүктөр маанилүү маселелерди камтыган. Атайын окуу усулдары иштелип чыгып, изилдөөлөр үчүн колдоолор орун алат. Өлкө облустарында, район, шаар, айылдарда массалык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Бир катар тарыхый инсандардын мааракелери да 2016-жылга дал келет. Бул жана башка иштерди чагылдыруу жагы да өзгөчө белгиленген. Ошентип, Кыргызстан өткөн турмушту эске алып, анын күңгөй-тескейин, ак-карасын талдап, келечекке багыт алууда.

Калыгул Асамбаев