Кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Эльдар Рязанов 88 жашында Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумду. Ал отузунчу ноябрга караган түнү жарык дүйнө менен кош айтышты. Рязанов өпкө жана жүрөк оорусунан жапа чегип, өтө оор абалга жеткенин буга чейин дарыгерлер билдирген. Рязанов Москвадагы клиникалардын бирине 21-ноябрда жаткырылган. Ал бир жыл мурда "мээдеги кан айлануу системасынын бузулушу" деген дарт менен Бурденко атындагы нейрохирургия институтунда дарыланган.
Бирок аны аман алып калуу мүмкүн болгон жок. Рязанов 30га жакын тасма тартып, учурунда алардын дээрлик бардыгы СССРдин жана Россиянын кино хиттерине айланган.
Тарткан эмгектеринин арасында «Карнавал түнү», «Гусар жөнүндө баллада», «Автомобилден абайла», «Катаал романс», «Кызмат учурундагы роман», «Гараж», «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен», «Экөө үчүн бекет» тасмалары кеңири таанымал. Эльдар Рязанов бир топ жогорку сыйлыктардын ээси болгон.