Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандар эл аралык “Ислам мамлекети” террористтик уюмуна тиешеси бар. Бул тууралуу коопсуздук кызматы билдирди. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кол салгандардын аты жөнү такталды. Алардын бирөө 1987-жылы Нарын шаарында туулган Алибек Тилек уулу, экинчиси 1986-жылкы Ноокат районунда төрөлгөн Ырыскул Бейшеналиев.
Алар 27-ноябрда Кадыр Маликовду бычактап кеткенден кийин Казакстанга качып, ал жерден Түркияга учуп кетишкен. Бул адамдарга ИИМ тарабынан эл аралык издөө жарыяланды. Мындан тышкары улуттук коопсуздук кызматы жана ИИМ издөөдөгү айыпкерлердин эки тилектешин кармады.
Кармалгандардан экстремисттик маанайдагы китеп, диск жана курал жарактар табылган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү участкалык милиционер Актилек Абдувалиевдин өлүмүнө да тиешеси бар экендиги айтылууда.