Бишкекте 7 күн 7 түн Манас айтуу долбоору өтүп жатат. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан келген 15ке жакын манасчы катышып, күнү- түнү өз өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Иш-чара 4-декабрда белгиленүүчү "Манас" күнүнө карата өткөрүлүүдө.
Бир апталык “Манас айтууну” “Саякбай манасчы” Эл аралык коомдук фонду экинчи ирет уюштурууда. Иш чарага улай эле, залкар манасчы Саякбай Каралаев тууралуу 130 мүнөттук тасма көрүүчүлөрдүн назарына коюлмакчы. Эскерте кетсек 2013-жылдын 4-декабрында "Манас" үчилтиги ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан катталган жана бул күн “Манас” күнү деп жарыяланган.