Кубат Оторбаев КРнын Акыйкатчысы болуп шайланды
Новость

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп  шайланган  Кубат Оторбаев  Жогорку Кеңеште ант берип, кызматына расмий киришти.

Кубат Оторбаевге депутаттардын  63ү  макул болду, ал эми  Рита Карасартова жана Алишер Мамасалиев 26 добуштан алышты.

Эске салсак, Акыйкатчы кызматына 3 талапкер ат салышкан:  Рита Карасартова, Кубат Оторбаев жана Алишер Мамасалиев. Буга чейин Абдыжапар Бекматов, Нуркамил Мадалиев өз талапкерлигин алып ташташкан.

30-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчыны шайлоо жөнүндө маселе каралды. Бул багытта Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина баяндама  жасады. Андан соң   Акыйкатчылыкка  талапкерлер өз программалары  менен тааныштырышты.  КСДП фракциясынан  сунушталган талапкер Кубат Оторбаев  программасында балдарга карата зомбулукту токтотуу  боюнча   мектептерге, бала бакчаларга   атайын курстарды киргизүү зарылдыгы белгиледи.

Ал эми  “Республика – Ата Журт” фракциясы сунуштаган Рита Карасартованын  баамында, жарандар өз укуктарын өздөрү коргой ала тургандай кылып агартуу иштерин жолго коюу максатка ылайыктуу .

Дагы бир  талапкер “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан  сунушталган Алишер  Мамасалиевдин  программасында балдардын, аялдардын, мигранттардын жана укук коргоо органдарынан жапа чеккендердин укуктарын коргоо  негизги приоритет катары каралган.

 “Ата Мекен” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталган Мавлян Аскарбеков Акыйкатчы институтун саясый интригалардан арылтып, тараптар менен кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу максаты бар экенин айтты.

Мындан тышкары  талапкерлер депутаттардын бир катар суроолоруна да жооп беришти. Акыйкатчы  кол тийбестикке ээ. Ал  Кыргызстан жарандарынын укугун коргойт, бийлик бутактарына баш ийбейт, андыктан талапкерлерди  шайлап  жатканда  анын  жеке сапаттарына көңүл бурууга депутат Кенжебек  Бокоев  чакырды.   

Эске салсак, Акыйкатчы кызматына 7 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов,  Нуркамил Мадалиев, Мавлян Аскарбеков жана Толкунбек Исаков  акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышкан. Жогорку Кеңеш ушуну менен экинчи ирет өлкөнүн башкы укук коргоочусуна шайлоо өткөрдү. 10-декабрда парламент акыйкатчыны шайлай алган эмес.