Энергетика: жарык үзгүлтүккө учурабайт
Новость

Кыргызстанда электр энергиясы өчүрүлбөйт, эл жарыксыз калбайт,- деди өкмөт башчы Темир Сариев. Премьер бүгүн электр тармагынын адистери менен жолугушуп, Токтогул ГЭСинде болгон авариянын себебин билүүнү жана аны калыбына келтирүүнүн жолдорун издештирүү туурасында чукул жыйын өткөрдү. Токтогул ГЭСинде эки жолу авария катталып, анда трансформатордун муфтасы, тактап айтканда кошула турган жери күйүп кеткен.


POST1

Ошондой эле, үчүнчү агрегатта авария болуп, анын 500 киловолттук кабели күйгөн. Бул эскилиги жеткен жана мөөнөтү өтүп кеткенден улам келип чыкканын энергетиктер билдирди. Учурда абалды жөнгө салуу аракеттери кызыуу көрүлүп жатат. Эл майрамда жарыксыз калбашы керек экенин өкмөт башчы баардык тармактын өкүлдөрүнө эскертти.

Премьер кошумча кубаттуулук керек болсо Казакстандан импортто боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Жыйында Токтогул ГЭСин толук реконструкциядан өткөрүү үчүн ири суммада насыя алып жаткандыгы маалым болду.