Кыргызстан- Кытай: чек ара жабылат
Новость

Кыргыз-кытай чек арасы жаңы жылга байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматтар боюнча, кытай тараптын демилгеси менен Жаны жылга байланыштуу «Торугарт-автодорожный» жана «Иркештам-автодорожный» өткөрмө бекеттери 1-январдан 3үнө чейин иштебейт. Жүргүнчүлөрдү, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 4-январда жанданат.