Жогорку Кеңеш бүгүн өлкөнүн акыйкатчысын шайлоодо
Новость

Жогорку Кеңеш бүгүн өлкөнүн акыйкатчысын шайлоодо. Жакынкы күндөрү тиешелүү комитет омбудсмен кызматына 7 талапкерди парламенттин кароосуна көрсөткөн. Ата-Мекен фракциясы Толкунбек Исаков менен Мавлян Аскарбековду, Бир Бол фракциясы Абдыжапар Бекматовду, Өнүгүү прогресс Алишер Мамасалиевди, Республика-Ата-Журт Рита Карасартованы, Кыргызстан Нуркамил Мадалиевди, КСДП Кубат Оторбаевдин талапкерлигин сунуштоодо. Абдыжапар Бекматов өз каалоосу менен талапкерлигин алып салды. Талапкерлер бүгүн парламентте өз программалары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берет.