Бүгүн Улуттук гвардиянын № 702чи аскер бөлүгүндө күжүрмөн тууну тапшыруу аземи өттү. Желекти Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Жаныбек Капаров тапшырып, бүгүнкү саамалык аскер кызматкерлери үчүн кош майрам экенин себеби быйыл бөлүккө 100гө жакын жаш жоокерлер ант беришкенин белгиледи.
Маалыматтарга ылайык Улуттук гвардиянын күзгү жана кийинки жылдагы жазгы чакырылышына жалпысынан 700дөн ашык жаш жоокер кызмат өтөйт.