Алмазбек Атамбаев Францияга иш сапар менен келди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 29-ноябрында иш сапар менен Францияга келди.

Сапардын алкагында бүгүн 30-ноябрда мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясынын ачылышына катышат.

Бул Конференциянын ишине дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.