АКШдагы Йел университетинин дүйнө өлкөлөрүндө экологияны коргоо боюнча иликтөөсүндө Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында арткы орунга түштү. 2013 жылкы иликтөөсүндө 132 мамлекеттин ичинен 101-орунда турчу. Тактап айтканда, коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын алдында турган.
АКШдагы абройлуу Йел университети Дүйнөлүк банк, Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттардын маалыматтарына таянуу менен түзгөн экологиялык индекстин максаты - тигил же бул өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо саясатындагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин бөлүп көрсөтүү болуп саналат. Йел менен кошо Нью-Йорктогу Колумбия университети жана Швейцариядагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун адистери бирге жасаган иликтөөнүн жүрүшүндө 132 мамлекеттеги экологиялык кырдаал он категория боюнча каралган.