Т.Сариев: Октябрь айылына 750 орундуу мектеп курулат
Новость

Премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн районундагы Октябрь айылындагы мектептин имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышты. Премьер-министр мектептин имаратынын түптөлүшү менен айыл тургундарын куттуктап, бул абдан маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

"Келечек муунду татыктуу тарбиялоо, алардын сапаттуу билим алышына шарт түзүү ата-энелер менен катар Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Бул багытта Өкмөт өзүнүн негизги багыттарынын бири катары сапаттуу билим берүүнү тандап алган. Анын алкагында, Октябрь айылында 750 орундуу азыркы шартка жооп берген, заманбап мектептин пайдубалы түптөлүп жатат", - деди Темир Сариев.

Премьер-министр аталган мектеп Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө берилген каражатка курулуп жаткан алгачкы мектеп экенин белгилеп, быйыл жыл аягына чейин 26 мектептин курулушу башталаарын маалымдады.