ЖККУ: бир катар документтерге кол коюлду
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев о.э., Жамаатык коопсуздук кеңешинин кезектеги кеңири курамдагы сессиясына катышты. Жыйындын жүрүшүндө дүйнөдөгү азыркы кырдаал жана Уюмдун мындан аркы аракеттери тууралуу пикир алмашуу болду. Жыйындын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. 

Алсак: Уюмга мүчө-мамлекет башчыларынын дүйнөдөгү азыркы кырдаалга карата билдирүүсү, “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы жөнүндө” чечим, “ Уюмдун туруктуу иштеген жумушчу органдарынын кызматкерлерин ротациялоо жөнүндөгү” жана башка документтер болду.

 Кеңири курамдагы сессия аяктагандан кийин Армениянын Президенти Серж Саргсян менен ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кезектеги жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.