Атылган октон жоокер каза болду
Новость

Бүгүн таңкы саат төрттөр чамасында Улуттук гвардиянын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан 714-аскер бөлүгүндө эки жоокерге кол салуу болуп, бирөө атылган октон каза болду. Бул тууралуу Улуттук Гвардиянын тарбия бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев “Биринчи радиого” билдирди. Жарадар болгон жоокер учурда шаардык №4 ооруканада реанимацияда жатат. Аларга ок чыгарган жоокер Мейкин уулу Аскар, күзгү чакыруу менен келип кызмат өтөп жаткан. Ал эми жабыркаган жоокерлер келишимдин негизинде кызмат кылып жүргөн. Кароолдо турган жоокер күзөткө турчу жерге баратканда экөө кол салгандай болгондо, ал курал колдонгон. Окуянын себептери, чоо-жайы азырынча белгисиз. Учурда окуя болгон жерде Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү иш алып барууда.

Ал эми Бишкек шаардык № 4 ооруканасынын башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, ок каза болгон сержанттын курсагынан кирип,  жамбаш жагынан чыгып кеткен. Ал операцияга жетпей көз жумган. Ал эми экинчисине үч ок тийген, учурда операция болуп, эки ок алынды.