Борбор калаада бал жарманкеси өтүүдө. Бал челекчилер сатып алуучуларга өз өндүрүшүн сунуштоодо. Кыргызстандын балу мыкты экени талашсыз. Буга бизде өндүрүлгөн бал дүйнө аарычыларынын жолугушууларында МЫКТЫ деп табылганы далил боло алат. Болгондо дагы бир жолу эмес, бир несе жолу! Бирок, бул тармак жеткиликтүү деңгээлде колго алынбай келе жатканын дагы билебиз. Ал эми дүйнө жүзү боюнча айта турган болсок, ал төмөнкүдөй:
АКШ, Германия жана Япония биргелешип жылына 250 миң тонна бал колдонушат.
Евробиримдик өкөлөрү 50 миң.
Балды өндүрүүдө негизги өлкөлөр болуп - Түркия, Украина, Кытай жана Аргентина саналат.
Кыргызстандан балдын экспорттолушу акыркы үч жылда төмөнкүдөй:
13-жылы 250, 14-жылы 330, 15-жылы 143 тонна.
2014 жылы бизден - Кытайга 164, Орусияга - 86, Казакстанга - 43 жана Сауд Аравиясына - 17 тонна бал экспорттолгон.
А быйыл болсо: Кытайга - 98, Орусияга - 5, Казакстанга - 10 жана Сауд Аравиясына 11 тонна таттуу өндүрүш сатылган.
1 кг га болгон экспорттук баасы - быйыл: Орусияга 86, Кытайга - 231, Казакстанга - 340, Японияга - 804 жана Катарга - 1600 сомду түзгөн.
2013-жана быйыл бизде өндүрүлгөн бал дүйнө жүзү боюнча мыкты деп табылган.
Кененирээк Диана Мамекованын материалында: