Нарымбаев менен Коркмазов абакка кесилди
Новость

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен парламенттин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовго карата сот өкүмү чыкты. Бүгүн Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө ылайык, Нарымбаевдин үй-мүлкү конфискацияланып, үч жылдык мөөнөткө  күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.  Коркмазовдун дагы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 1 жыл 6 айга  кесилди. Айыпталуучулар акыркы сөзүндө күнөөлүү эмеспиз деп билдирди. Буга чейин акыркы сөзүндө Нарымбаев, өзүн күнөөлүү эмес экенин жана коюлган айып боюнча далилдер табылбаганын айтып, өзүн актоону соттон суранган болчу. Иште ортомчу катары аралашып калганын айткан Коркмазов да өзүн актоону суранган. Сотто мамлекеттик айыптоочу Данияр Нарымбаевди 12 жыл 6 айга, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган болчу.

“Биринчи май райондук соту ишти карап чыгып,  кылмыш жаза кодексине ылайык Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов күнөөлү экендигин аныктады. Данияр Нарымбаевдин үй-мүлкүн конфискацияланып, үч жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесилет. Ал эми Коркмазов үй-мүлкүн конфискациялоо менен 1жыл 6 ай мөөнөттө күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалат. Жаза өтөө кармалган күндөрүнөн тарта эсептелет” - дейт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев. 

Ал эми Нарымбаев менен Коркмазовдун жактоочулары Биринчи май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө макул эмес экендиктерин билдирип, жогорку инстанциядагы сот тутумдарына доо арыз менен кайрылаарын билдиришти.

Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке ошол учурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган. 

"Биринчи май райондук соту адилетсиз, далилсиз өкүм чыгарды. Биз макул эмеспиз, эми мындан ары мыйзамдуу түрдө каралсын деп кайра доо арыз менен сотко кайрылабыз. Эгер иш калыс каралса Нарымбаев акталып чыкмак. Баардыгы каралып, иликтенди, бирок бул өкүм калыс эмес, биз макул эмеспиз" - деп билдирди Д.Нарымбаевдин жактоочусу Адамян Илларион.