АКШнын Ак үйү, дүйнөдөгү башка үйлөрдөй эле, майрамдарга карата кооздолот, балким бир аз көбүрөөк. Алтымыш эки бак дарак, 70 миң жасалга жана 227 килограммдык таттуу нандан жасалган үй – бул башталышы гана! Ак үйдүн быйылкы майрамдык темасы - “Түбөлүк салттар” - байыркы жана азыркы майрамдык салттарга арналган.