КТРКнын Байкоочу кеңеши жаңыланган мүчөлөрү менен биргеликте жыйын өткөрдү
Новость

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жаңыланган Байкоочу кеңешинин биринчи жыйыны болду. Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров кеңештин жаңы мүчөлөрү менен тааныштырды. Алар үчөө: КУУнун журналистика факультетинин доценти Абдыганы Халилов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, журналист Бүбүкан Досалиева жана КУУнун профессору Назаркул Ишекеев.

Отурумда социалдык-экономикалык жана инновациялык программалар берүүсүнүн өнүгүү стратегиясы талкууланды. Редакциянын продюсери Көкүл Арипова чогулгандарга учурдагы берүүлөр жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.