Башында төрага Асылбек Жээнбеков турган Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү Санкт-Петербургда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттер ассамблеясынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Төрага болуп бир добуштан Сергей Нарышкин кайрадан шайланды.
Бүгүн Нарышкин менен Асылбек Жээнбеков жолугуп, аны Кыргызстанга расмий сапары менен келип кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү төрага Жээнбеков Армениянын улуттук жыйынынын төрагасы Галуст Саакян менен жолукту.