Ушул убакыттарда Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны жүрүп жатат. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышууда. Жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдун рыногун коргоого ала турган чаралар талкууланып жатат. О.э., мамлекет башчылар уюмдун 2016-жылга карата бюджетин бекитет. Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине 2015-жылдан бери мүчө. Бул жыйындан кийин мамлекет башчылары кеңейилген форматтагы жыйында, кызматташуунун ар кыл багыттарын талкуулашат.