Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн Жапония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын мүчөсү, Либерал-демократиялык партиясынын эл аралык бюросунун башкы директору Кадзунори Танака башында турган парламенттик делегацияны кабыл алды. Тараптар эки жактуу кызматташуунун абалы менен келечегине байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Маектешүүдө: “Жапония - демократияны курууда Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү. Акыркы мезгилдерде Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы мамилелерди бекемдеген эки тараптуу иш сапарлардын динамикасы өстү.”,- деген Төрага 2015-жылдын октябрында Жапониянын Премьер-министри Сидзо Абэнин Кыргызстанга болгон иш сапарынын тарыхый маанисин баса белгиледи. Өз кезегинде Кадзунори Танака Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүк мамилелерди өөрчүтүүгө болгон жапон тараптын кызыкчылыгына токтолуп, "Эки жактуу иш сапарлар - келечекте мамлекеттер менен парламенттер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө дем берет" - деп бекем ишенерин айтты.