Кадыр Маликов сабалды
Новость

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов сабалды. Маалыматтар боюнча, Кадыр Маликов азыр ооруканада.

Азыркы учурда анын абалы канааттандырарлык. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кадыр Маликовду ата-энесинин үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Ал унаасын туура эмес токтотуп, натыйжада, жол талашып кетип мушташ чыккан. Белгилүү теолог бетинен жарат алды.