Терроризм - Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Москвада өткөн кезектеги саммитинин негизги темасы болду. Ага Орусия, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандын президенттери катышып, терроризм менен күрөшүү боюнча атайын билдирүү кабыл алышты. Мындан тышкары, катышуучулар Москва менен Анкара мамилесинин кескин солгундашы тууралуу да кеп кылды. ЖККУда төрагалык кылган Армения бул уюмдун саммити менен евразиялык экономикалык кенешинин отурумун чогуу өткөрүүнү сунуштады. Андыктан Москвада азыр ЖККУдан кийин ЕАЭБдин саммити өтүп жатат: