Жаңгак - облустун бренди болушу керек
Новость

Жалал-Абадда 2 ирээт жаңгак фестивалы өттү. Саамалыктын максаты кыргыз жаңгагын таанытуу, жаңгак токойлоруна аяр мамиле кылууга үндөө жана чет элдик ишкерлер менен алака түзүү болду. Анткени Жалал-Абадда өскөн жаңгактар дээрлик башка өлкөлөрдүн аты менен жакынкы жана алыскы чет өлкөгө сатыкка чыгат.


Мындан улам аны облустун бренди катары даражасын көтөрүү маселеси турат. Азыркы мезгилде кыргыз жаңгагы Түркия, Иран өлкөлөрүнө экспорттолууда. Жалал-Абад облусунда жалпысынан 35 миң гектардан ашык жерди ээлеген жаңгак токойлору бар. Алар 15 токой чарбага бөлүнүп, маңызынын даамы жана көлөмү менен көптүн суроо талабына ээ болууда.

 

"Биз кыргызыстандын жаңгагын таанытып ушул уникалдуу кыргыз жаңгак токоюунан чыккан жаңгак деп тааныштырайлы деп ушул долбоорду баштаганбыз. Бүгүнкү күндө биз айтсак болот биздин жаңгак Европада өзүнүн оордун тапты.Биз ал жерден абдан жакшы сөздөрдү уктук жаңгактын сапаты боюнча" - дейт жаңгак фестивалын уюштуруу тобунун мүчөсү Гулназ Касеева.