Белгилүү альпинист Асель Байбагышева Кыргызстандын альпинизм тарыхында тарыхый жетишкендикке жетишти. Ал "Ак илбирс" наамын алган алгачкы айым болду. Бул тууралуу альпинист өзүнүн социалдык баракчасына бөлүштү.
"Ак илбирс" наамы — Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын Башкармалыгы тарабынан берилүүчү өзгөчө сыйлык. Ага жетүү үчүн альпинисттер Кыргызстандын үч эң бийик чокусун — Жеңиш, Ленин жана Хан-Теңири чокуларын багындырууга тийиш. Ар бири 7 миң метрден жогору бийиктикте жайгашкан бул чокулар — чыдамкайлык менен кайраттын чыныгы сыноосу.
Бул наам альпинисттер арасында эң жогорку деңгээлдеги сыймык катары бааланат жана физикалык, руханий күчтүүлүктүн символу болуп саналат.
Асель Байбагышева бул жетишкендиги менен кыргыз спортунун тарыхын жаңылап, жаш муундарга дем-күч бере алган жаркын мисалга айланды.
Асел Байбагышева быйыл 11-майда Эвересттин чокусуна ийгиликтүү чыгып, өлкөнүн желегин желбиреткен. Ал буга чейин Ленин, Кан-Теңири, Жеңиш, Эльбрус чокуларын багындырган.