Кыргызстанда көп кабаттуу, заманбап турак жайлардын курулушу жаңы деңгээлге чыкты. Президенттин тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын демилгеси менен Бишкек шаарында 40 кабаттуу премиум класстагы үйлөр курулат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, бул курулуш – өлкө тарыхындагы эң бийик турак жай болуп саналат. Курулуш толугу менен сейсмологиялык талаптарга жана коопсуздук нормаларына ылайык жүргүзүлөт.
“Кыргызстан аймагынын 94 пайызы тоолуу болгондуктан, жер титирөөлөр кооптуулук жаратат. Ошондуктан бул долбоордо инженердик коопсуздук эң биринчи орунда турат”, – деди Туманбаев.