Мектептеги күндөлүк, кызыл журналды унуткула, баары электрондошту
Новость

Кыргызстандагы мектептерде келе жаткан 2025-2026-окуу жылынан тартып мугалимдер мурдагыдай кызыл журналдарды жана окуучулардын кагаз күндөлүктөрүн колдонушпайт. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева Педагогикалык форумдун жүрүшүндө билдирди. 

Анын айтымында, мындан ары билим берүү процессинин бардык этабы — баа коюу, ата-эне менен байланыш, үй тапшырмаларды берүү — электрондук форматта жүргүзүлөт. Мугалимдер, директорлор, ата-энелер "Күндөлүк" жана башка санарип платформалар аркылуу иштешет. 

"Күндөлүк" тиркемеси аркылуу ата-энелер балдарынын бааларын, сабактардын жүгүртмөсүн, үй тапшырмаларын жана окуу китептерин көрө алышат. Ал эми мугалимдер темаларды белгилеп, бааларды коюп, балдардын сабакка катышуусуна көз салат. Мектеп администрациясы ошол маалыматтардын негизинде чечим чыгарат. 

Мындан тышкары, бул жылы электрондук күндөлүккө мектеп инфраструктурасын камтыган модуль кошулду. Анын жардамы менен ар бир мектеп имараттын, эмеректин, жабдуулардын абалы тууралуу маалымат киргизип жатат. Бул келечекте жабдууларды, эмеректерди сатып алуу же жаңы мектептерди курууну туура пландап чыгууга көмөктөшөт. Анткени система аркылуу кайсы мектеп ашыкча жүктөм менен иштеп жатканы дароо көрүнөт.