Жайыт жерлерге турак жай салууга жол берилбейт! Васильевкада 322 үй буздурулат
Новость

Аламүдүн районунун Васильевка айылында жайыт жерлерге мыйзамсыз курулган 322 турак жай Мамлекеттик комиссиянын чечими менен буздурулууга алынды. Учурда демонтаж иштери жүрүп жатат, анын ичинде айрым үйлөрдүн фундаменттери да алынууда. 

               Адистердин маалыматына ылайык:

                •             “Жашыл билет” — бул мал жаюу үчүн убактылуу колдонууга берилген документ. Ал капиталдык курулуш жүргүзүүгө укук бербейт;

                •             Курулуштар бекитилген архитектуралык планда көрсөтүлгөн эмес;

                •             Айрым жарандар үй салган жер тилкелери Мамлекеттик каттоого катталган эмес;

                •             Жайыт жерлер менчик эмес, алар айыл чарба багытында гана пайдаланылышы керек.

Мындан тышкары, бул талаштуу жер тилкелер Казакстан менен чектеш аймакта, Чу дарыясынын боюнда жайгашкан. Географиялык жактан өзгөчө мааниге ээ болгон бул аймактарда мыйзамдын сакталышы өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Мамархитектура, Айыл чарба министрлиги, Чүй ОИИББ жана райондук администрациянын өкүлдөрү коопсуздукту камсыздап, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө.