"Манастан – Disneyland’ге чейин": Токмокто дүйнө таң калтыра турган парк курулат!
Новость Интернеттен алынды

Чүй облусунда 50 гектар жерге Disneyland курулат. Бул тууралуу Туризмди колдоо фонду билдирди. 

Маалыматка караганда, долбоордун өнөктөшү Абу-Даби, Кытайдын беделдүү парктарды түзгөн АКШ компаниясы экени айтылды. 

Долбоорго ылайык, Токмокто курула турган паркта Борбор Азиянын жомоктогудай архитектурасы,"Манас" эпосуна негизделген аттракциондор, Улуу Жибек Жолунун кербен жолун чагылдырган аймактар, уулуттук музыка, бий, театрлаштырылган жомоктор, боз үй жасоо, кийиз өнөрү, ат үстүндө жүрүү жана салттуу ашкананы үйрөтүүчү мастер-класстарды камтыйт.