Ош шаарынын четиндеги 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турган Кең-Сай суу насостук станциясы күз айларында ишке кирүүгө даярданууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымдайт.
Муниципалитеттен билдиргендей, бул станция Кең-Сай массивиндеги 800 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бул аймакты толук өздөштүрүү үчүн адистер менен биргеликте техникалык жыйын өткөрүп, станцияны оңдоп-түзөө иштерин тездетүүнү тапшырды.
Ал эми бул иштердин натыйжасында, станция сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Кең-Сай массивинен 15 жыл мурун Ош шаарынын үч миңден ашуун тургунуна жер бөлүнгөн.
Эми станция ишке кирсе, бул жер тилкелери натыйжалуу пайдаланылып, тургундардын жашоо-шартын жакшыртат деп күтүлүүдө.