Транспорт салыгы жоюлганына байланыштуу салык төлөөчүлөр төлөнгөн транспорт салыгынын суммасын салыктын башка түрүнө чегерип же кайтарып алса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 1-январга карата транспорт каражатына мүлк салыгын ашыкча төлөгөн жарандар 30-ноябрга чейин салыкты чегерүү же кайтарып берүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш.
Арызды cabinet.salyk.kg сайтында салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнөн тапшырса болот. Эгер белгиленген мөөнөттө арыз берилбесе, төлөнгөн каражат мамлекеттик казынага которулат.
4-августта Президент Садыр Жапаров “Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, транспорт каражаттарына да салык жоюлган.
Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.