Кыргызстанда биринчи жолу Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат
Новость

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолуна арналган көркөм тасма тартылат. Бул тууралуу кинематографист Каныбек Калматов билдирди.

Анын айтымында, ал өзү тасманын режиссёру катары тандалып, Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук берилген. Кинокартина жазуучунун балалык чагынан баштап дүйнөлүк деңгээлдеги таанымал инсанга айланганга чейинки турмуш жолунун маанилүү этаптарын чагылдырган толук метраждуу биографиялык драма болору күтүлүүдө.

Режиссёр Каныбек Калматов Россиядагы белгилүү ВГИК киностудиясынын кинематография факультетин аяктаган. Ал буга чейин "Бейиш эненин таманында" тасмасында башкы оператор катары таанылган.

Фильмдин бет ачары 2026-жылга пландалып, Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов менен тиешелүү келишим түзүлгөнү кошумчаланды.