Бүгүн, 5-августта саат 19:44тө Кыргызстандын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн күчү Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында — 3,5 баллга чейин сезилген
Жер титирөөгө байланыштуу кырдаалды жеринен баалоо жана ыкчам аракеттерди көрүү максатында, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен саат 20:00дө ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгына “Айгай” режими жарыяланды.
Учурда Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен тактоо жана Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте иш алып баруу үчүн башкармалыктын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылды.
Саат 21:00гө карата алдын ала берилген маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагында 2 турак үй жабыркаган. Ал эми Сузак районунун Кыз-Кол айыл аймагында жайгашкан А. Жапарбаев атындагы мектептин спорт залынын дубалдары жараксыз калды.
Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан зыяндын көлөмүн жана башка жабыркаган объектилерди тактоо иштери уланууда.
Сейсмология институту жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаалды көзөмөлгө алып, тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Кошумча маалыматтар такталган соң кошумча кабар берилет.