Башкы прокуратура унаалары менен Оштун мэрин таң калтырган кызматкерин текшерет
Новость

Оштогу “Увам” каналын бойлой жайгашкан жээкти мыйзамсыз ээлеп алган прокурор боюнча кызматтык иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары мыйзамдуулукту бекем сактоону жана бардык жарандардын мыйзам алдында теңдигин камсыз кылуу принциптерин карманат. Ушуга байланыштуу, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий жарыяланган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырык жасалууда.

Белгилей кетсек, 4-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн баштап “Увам” каналынын жээгине чейин мыйзамсыз курулган объектилерге рейд жүргүзгөн. Рейддин жүрүшүндө мэр мыйзам бузуу менен курулган имараттарды бузууга буйрук берген.

Ошондой эле, мэр прокурордун да үйүнө кирип, короосундагы унааларын көрүп таң калган. Мындан сырткары мэр каналдын жээгине чейин курулуш жүргүзгөн прокурорго эскертүү берип, суунун боюн бошотуп коюуну тапшырды.