Жалал-Абадда дагы миңге жакын жаран үйлүү болот
Новость

Жалал-Абад облусунда мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын курулушу ыкчам ыргак менен жүрүп жатат. Учурда үч турак жай объектисинде иштер соңуна чыгып калды. Алардын экөөсү — шаар ичинде, ал эми бирөө — Сузак районунда жайгашкан. Иштер пландаштырылган мөөнөттөн мурда аяктап жатканы кубандырат.

Жалал-Абад шаарынын Розы Азимов көчөсүндө жайгашкан “Асман Резденс 2” турак жай комплексинде 950 батир курулуп, 95 пайызга жакыны даяр. Курулушту Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүтүрүү мерчеми коюлган. Объектте жумуш күнү-түнү жүрүп, сапат тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Дубандын борборундагы дагы бир объект — Жеңижок көчөсүндө жайгашкан “Асман Резденс 3” турак жай комплекси. Бул 9 кабаттуу имаратта 135 батир каралган жана учурдагы курулуш иштери да 95 пайызга жакын аяктаган.

2025-жылдын май айында мамлекеттик ипотекалык компания Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 879 жаранга жаңы батирлерди тапшырган. Ал эми азыр эгемендүүлүк күнүнө карата дагы 955 батирдин ачкычы жаңы конуш ээлерине берилери күтүлүүдө.