Нарын облусунда биринчи чабыктын жыйынтыгы менен 229 миң 614 тонна тоют топтолду. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Улан Алсейитов билдирди.
Анын айтымында, облус боюнча 82 миң 303 гектар тоют топтолуучу аянт болсо, анын 62 миң 605 гектарына көп жылдык чөп, 7 миң 52 гектарына бир жылдык чөп эгилген.
“12 миң 564 гектардан табигый чөп жыйналат. Учурда бул аянттын 65 пайызы жыйналып, жалпы 229 миң 614 тонна тоют топтолуп, түшүмдүүлүк 42,1 центнерден айланды. Бирок, бул көрсөткүч, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 120 миң 996 тоннага аз”,- деди ал.
Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа району 33 миң 644, Ат-Башы району 16 миң 948, Жумгал району 33 миң 896, Кочкор району 46 миң 340 жана Нарын району 98 миң 786 тонна чөп жыйнашты.