“Бир эчкиден 1 кг тыбыт жана 3 800 сом киреше”. Жети-Өгүздө Баткендин баалуу эчкилери багылууда
Новость

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна Баткенден атайын алынып келген «Придон» тукумундагы эчкилерден биринчи тыбыт алынды. Эгер жакшы шартта багылса, бир эчкиден 1 килограммга чейин тыбыт алууга мүмкүнчүлүк бар.

Муниципалдык чарбанын кызматкерлери бул эчкилерди көбөйтүп, алардан мол тыбыт алып, келечекте экспортко чыгарууну максат кылышууда. Быйыл алынган биринчи тыбытынын килограммы 3 миң 800 сомдон бааланган.

Эчкилер учурда Жети-Өгүз районунун Кичи-Көк жайык коктусунда багылууда. Жергиликтүү бийлик дагы 200 баш улак алып келүүнү пландоодо. Чабандардын айтымында, бир эчкиден орто эсеп менен 450–500 грамм тыбыт алууга болот, жана бул эчкилерди багуу да жеңил.

Кеч күзгө чейин эчкилер жайлоодо кармалат, андан соң айылга түшүрүлөт. Келерки жылы төл алган соң, Ак-Таш жана Ак-Шыйрак жайлоолоруна чейин айдап баруу пландалып жатат.