2025-жылы Кыргызстандын бюджети тарыхта биринчи жолу триллиондук чектен ашат
Новость

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2025-жылы алгачкы жолу 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, башында 2025-жыл үчүн консолидацияланган бюджет 708,9 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген болчу. Бирок жарым жылдык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында план ашыгы менен аткарылып, жыл жыйынтыгында бюджеттин көлөмү 1 триллиондон ашары реалдуу максат катары белгиленди.

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети: 

  • 2010-жылы – 96,5 млрд сом
  • 2015-жылы – 196,1 млрд сом
  • 2020-жылы – 247,8 млрд сом
  • 2021-жылы – 313,1 млрд сом
  • 2024-жылы – 689,1 млрд сом
  • 2025-жылы – 708,9 млрд сом бекитилсе да, пландан ашып 1 триллион 6 миллиард сомго жетери күтүлүүдө

Орунбековдун айтымында, 2020-жылга салыштырганда, 2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге жакын көбөйдү. 

"Бул 4 жылдык эле натыйжа. Садыр Жапаров жана анын командасы бийликке келгенде, анын 2 жылы мамлекеттик башкарууну түптөөгө, системага салууга кетти. Ал аралыкта бут тосуулар, коррупция, уюшкан кылмыш тобу, эски түшүнүктөр менен күрөшүүгө алаксыды. Кошуналар менен чек ара маселесине чекит коюу дагы оңойго турган жок. Ал аз келгенсип, мамлекет эгемендик алгандан бери чогулган тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөө мезгили дагы ушул күндөргө туш келди. Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстан азыр өнүгүү темпин жогорулатты. Кайда барба, курулуштар, жаңылануу, өзгөрүүлөр болуп жатат. “Силер айтып жаткан цифралар реалдуубу же кагаздагы эле сандарбы?”-деп суроо бергендер бар. Албетте бул реалдуу цифралар!",-деди Президенттин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси.

Бюджет кайда жумшалып жатат?

Жыл сайын жүздөгөн жаңы мектептер, ондогон оорукана жана медициналык борборлор курулуп пайдаланууга берилүүдө. Маданий жана туристтик комплекстер ишке кирди, аймактарда жаңы аэропорттор курулуп, заманбап самолеттор алынды.

Мурдагы ири ГЭСтер реконструкцияланып, жаңы ГЭСтер курулуп, ишке берилди. Өлкө өз күчү менен темир жол куруп, Балыкчыдан Кочкорго чейин жеткирди. Кыргыз армиясы жана чек ара кызматкерлери жаңы аскердик техника менен камсыздалып, мурда 17 миң сом алган чек арачылар азыр 90 миң сомдон ашык айлык алышууда.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана жол куруу тармагына жүздөгөн жаңы техника, анын ичинде вертолёттор да сатып алынды.

"Биз айтып жаткан жөн эле цифралар эмес, реалдуу натыйжалар. Алдыда ар бирибиз кубана турган ири долбоорлор, Кыргызстандын жаркын келечегин түптөй турган иштер арбын. Мына ушулар бир кезде Садыр Жапаровдун кыялы болчу, азыр Президент Садыр Жапаров кыялдарын четинен ишке ашып жатат",- деп жазган Орунбеков.