Адылбек Касымалиев: 100 күндүн ичинде бюрократияны кыскартып, балдарга билим шартын түзөбүз
Новость

Бүгүн, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында өтүп жаткан Президенттик Администрациянын жыйынында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча кезектеги кадамдарды жарыялады.

Негизги демилгелердин бири – калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу максатында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөштүрүү реформасы болду.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, “Өкмөттүн акселераторлору” программасы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу инструмент болуп калды. Жыл башынан бери көтөрүлгөн алты демилгенин төртөө ийгиликтүү ишке ашырылды.

Төрага өзгөчө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда жана Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик мектептерде орун жетишсиздиги көйгөйүнө токтолду. Калктын жыштыгынын өсүшү мектептердин ашыкча толушуна алып келип, көптөгөн окуучулар эки-үч сменада окууга аргасыз болуп жатат. Бул болсо билим сапатына жана балдардын мотивациясына терс таасирин тийгизүүдө.

“Жеткиликтүү билим берүү жана мектептердин жетишсиздигин жоюу биздин негизги милдеттерибиздин бири. Бүгүнкү күндө бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет”, – деди Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, мамлекет жаңы мектептерди курууну улантууда, бирок ошол эле учурда окуучулардын саны да туруктуу өсүп жатат. Ошондуктан жеке сектор бул маселени чечүүдө маанилүү өнөктөш болуп саналат.

Учурда Кыргызстанда 219 жеке мектеп иштейт: алардын 108и Бишкекте, 54ү Ош шаарында жайгашкан. 2024-жылы жеке мектептерге 33 жаңы лицензия берилген, ал эми 2025-жылдын башынан бери дагы 21 лицензия берилди – бул билим берүү тармагына болгон жеке сектордун кызыгуусунун артканын көрсөтөт.

“Биз жеке сектордун билим берүү тармагына, өзгөчө ири шаарларда активдүү катышып жатканын көрүп турабыз. Сапаттуу жеке мектептерди көбүрөөк ачууга шарт түзүү – биздин милдет”, – деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Бул максатта 100 күндүн ичинде тиешелүү мамлекеттик органдар жеке мектептерди лицензиялоо процессин анализдеп, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу жана процессти тездетүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышы керек.

Касымалиевдин пикиринде, бул реформа жеке билим берүү секторуна инвестиция тартууга өбөлгө түзүп, жаңы жумуш орундарын ачат жана көбүрөөк балдарга ыңгайлуу шарттарда сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.