Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөдү. Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды.
Касымалиевдин айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш.
«Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек», – деди Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.